14:39, 20 апрель 2024 Иш

АКШ киноакадемиясы Уилл Смитке өз иш-чараларына катышууга 10 жылга тыюу салды

АКШ киноакадемиясы Уилл Смитке өз иш-чараларына катышууга 10 жылга тыюу салды — Today.kg

АКШнын Киноакадемиясы Голливуд жылдызы Уилл Смитке алардын иш-чараларына катышууга 10 жылга тыюу салганын РИА Новости уюмдун маалымат кызматына шилтеме берүү менен билдирди."Тыюу салынган соң ал иш-чараларга виртуалдык түрдө дагы катыша албайт", — деп айтылат билдирүүдө.Буга чейин Смит өз демилгеси менен киноакадемиктердин катарынан чыгып кеткен.Эске салсак, соңку "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинде ал сахнага чыгып, алып баруучу Крис Рокту жубайы тууралуу орунсуз тамаша кылганы үчүн бетке чаап жиберген. Ушул эле аземде актёрго "Король Ричард" тасмасындагы башкы ролу үчүн сыйлык тапшырылган. Сыйлыкты алып жатып, ал жасаган кылыгы үчүн коноктордон кечирим сураган.Көп өтпөй актёр киноакадемиянын мындай чечимин түшүнүү менен кабыл алып, сый мамиле кыларын билдирди.

 

up