02:03, 29 март 2024 Жм

ӨКМ: Ала-Букада 3 жаран иске ууланып каза болду

Бүгүн, 9-апрелде Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда алдын ала маалымат боюнча, Кош-Терек айылында жайгашкан сабиз сактоочу кампада 3 эркек адам иске ууланып каза болгон.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Учурда жарандардын аты-жөндөрү жана уулануунун себеби такталууда. Жерине 5 куткаруучу тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

up