05:29, 25 апрель 2024 Бш

Бостериде суу түтүгү соруп кеткен 18 жаштагы уландын өлүмү боюнча иш токтотулду

Бостериде суу түтүгү соруп кеткен 18 жаштагы уландын өлүмү боюнча иш токтотулду — Today.kg

Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы аквапаркта 18 жаштагы уланды суу түтүгү соруп кетип каза болушу боюнча кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун маалымат кызматы кабарлады.Билдирүүгө ылайык, өткөн жылдын 20-декабрында Ысык-Көл райондук соту тарабынын тараптардын элдешип алышынын негизинде айыпталып жаткан Т.А.Б. аттуу жарандын иши токтотулган.

"Айыпталуучу менен жабырлануучу тарап элдешкен. Ысык-Көл райондук сотунун чечимине каршы жогорку инстацияга даттанышкан жок", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, былтыр 27-июль күнү Ысык-Көлгө эс алууга барган 18 жаштагы уланды Бостери айылындагы аквапаркта суу түтүгү соруп кетип каза болгон.

up