10:13, 25 апрель 2024 Бш

Сауд Аравиясы чет элдиктерге ажылыкка барууга уруксат берди

Сауд Аравиясы чет элдиктерге ажылыкка барууга уруксат берди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ажылык жана умра министрлигине шилтеме берүү менен Саудиянын маалымат агенттиги жазды. 

Быйыл Сауд Аравиясы ажылыкка баруучулардын санын көбөйттү, анын ичинде жергиликтүүлөр жана чет элдик жарандарга да уруксат берилди. Меккени бир миллион адам зыярат кыла алат.

Министрлик 2022-жылдагы ажылыкка төмөнкү эрежелер колдонуларын билдирет:

-Зыяратчылар 65 жашка чыга элек болушу керек жана Сауд Аравиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги бекиткен вакцинанын негизги дозалары менен толук эмдөөдөн өтүшү керек.

-Сауд Аравиясына барганга чейин 72 сааттын ичинде алынган COVID-19 үчүн таза ПЦР тести талап кылынат.

-Ажылык жана умра министрлиги зыяратчылар эрежелерди сактоосу керектигин баса белгилейт.

Сауд Аравиясы 2022-жылы ажылыкка даярдык көрүү форматын эпидемиологиялык кырдаалга, анын ичинде зыяратчылар келген мамлекеттердеги эпидкырдаалга ылайык аныктайт.

up