22:00, 29 март 2024 Жм

"Урал авиалиниялары" Бишкек менен Ошко жаңы беш каттам ачат

Урал авиалиниялары Бишкек менен Ошко жаңы беш каттам ачат — Today.kg

Россиянын "Урал авиалиниялары" компаниясы быйыл жайында Бишкек менен Ошко жаңы беш каттам ачат. Бул тууралуу авиакомпания Telegram-каналы аркылуу кабарлады.
Жүргүнчүлөргө төмөнкү багыттар боюнча жаңы беш каттам сунушталат:Владикавказ — Ош — Владикавказ, жума күндөрү;Красноярск — Бишкек — Красноярск, шаршемби сайын;Самара — Бишкек — Самара, бейшемби сайын;Сочи — Бишкек — Сочи, ишемби сайын;Иркутск — Бишкек — Иркутск, дүйшөмбү сайын, кайра артка жекшембиде."Урал авиалиниялары" — Россиянын жүргүнчү ташыган ири компанияларынын бири. Аба флоту Airbus учактары менен эл ташыйт. 

 

up