21:30, 28 март 2024 Бш

Эгер сиздин үйүңүзгө каттоочу келбей калган болсо эмне кылыш керек?

Эгер сиздин үйүңүзгө каттоочу келбей калган болсо эмне кылыш керек? — Today.kg

Эгер сиздин үйүңүзгө каттоочу келбесе анда 1216 тынымсыз байланыш номерине чалыңыз. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.Эске салсак, 3-апрелде элди жана турак жай фондун каттоо өнөктүгү соңуна чыгат (алыскы аймактарды эске албаганда). Андан соң 4-6-апрель аралыгында контролдук каттоо иши жүргүзүлөт. Мындай иш-чара каттоого алынган жашоочуларды тактоо максатында өткөрүлөт."Каттоочу каттоо бөлүмүнүн жетекчиси менен өзүнө бөлүнгөн ар бир онунчу үй чарбасын кыдырып, чарбанын жашоочуларынан эл каттоодон өткөн-өтпөгөнүн бир сыйра тактайт. Кайсы бир себептерден улам каттоого алынбай калган жашоочулар аныкталып калса, дароо катташат", — деп айтылат маалыматта.Каттоого алынбай калган жашоочуларды каттоо, үйлөрдү кайра кыдыруу ыкмасы буга чейинки эл каттоолордо жүзөгө ашырылып келген. Улуттук статистика комитети бул иш-чарага түшүнүү менен мамиле жасоого чакырат. 

up