19:05, 19 апрель 2024 Жм

Абдил Сегизбаев 4 млн сом төлөп, үй камагына чыкты

Камактагы саясатчы Абдил Сегизбаев 4 млн сом төлөп, үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук соту билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 1-апрелде сот аны айыптуу деп таап, 4 млн сом айып салган. Өкүм күчүнө киргенче эч жакка кетпөө шарты менен үй камагына чыгарылган.

УКМКнын мурдагы төрагасы, 2021-жылы президенттикке талапкер болгон Абдил Сегизбаев шайлоо бүткөндөн эки жумадан кийин камакка алынган. Ага «Белизгейт» окуясы боюнча «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен иш козголгон.

2021-жылы февраль айында Абдил Сегизбаевге алты берене менен иш козголгон. Бул беренелер бирок купуя сакталып, элге ачык айтылбай келет.

up