08:21, 29 март 2024 Жм

ЖМКга каршы дооматты караган комиссияга Ыдырыс Исаков тууралуу арыз түштү

Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы дооматтарды караган комиссия журналист Ыдырыс Исаков тууралуу Лейлек районунун Жаңы жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Турабай Бостоновдон арыз түшкөнүн билдирди. Анда кайрылган тарап кабарчы жарыялаган материалдар анын "кадыр-баркына шек келтирерин айтып, ага баа берилишин, өзү ар бир факты тууралуу жооп берүүгө даяр" экенин жазган. Комиссия бул арыз жакынкы убакта караларын билдирди.

Өткөн аптада иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Жаңы-Жердеги тилкелерди бөлүштүрүүдөгү мыйзам бузуу тууралуу сюжет жарыялаган. Анда айыл өкмөттүн мурдагы жетекчилери жер бөлүштүрүүдө алешемдикке жол бергени, аларды облустук прокуратуранын кызматкерлери калкалаганы баяндалган.

23-мартта Башкы прокуратура Исаковдун сюжетинин негизинде текшерүү жүрүп жатканын маалымдаган. Мындан көп өтпөй аталган тасмада мыйзамсыздык боюнча айтып чыккан Жаңы-Жер айыл аймагынын мурдагы башчылары Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов, учурдагы жооптуу катчы Акжол Абдуллаев камакка алынган. Кийин Абдуллаев үй камагына чыгарылган.

Буга нааразы болгон Лейлек районунун тургундары бир канча күндөн бери нааразылык акцияларын уюштуруп жатат.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 26-мартта бул чырда аты аталган Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асадов, Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Калмурзаев кызматтан алган.

ЖМКга каршы арыздарды караган комиссия нааразылык айтылган макала же сюжетти Кыргызстандын журналисттеринин Этикалык кодексинин негизинде карап, чечим чыгарат. Кесиптик этика нормалары бузулган болсо, журналистке же басылмага эскертүү берилет. Эреже бузуу аныкталбаса, арыз берген тарапка аны түшүндүрүшөт. Комиссиянын чечими юридикалык күчкө ээ эмес. 

 

up