19:19, 29 март 2024 Жм

Бакыт Төрөбаев өкмөт башчынын орун басары кызматына дайындалды

Президент Садыр Жапаров 30-мартта Бакыт Төрөбаевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кылып дайындады. Мунун алдында Жогорку Кеңеш бул дайындоого макулдук берген эле.

Ушул кезге чейин Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт - Кыргызстан” фракциясынын төрагасы болуп турган Бакыт Төрөбаев 49 жашта. Ал “Ак жол”, “Республика” жана “Өнүгүү-Прогресс” партияларынын тизмеси менен дагы шайлоолорго катышып, жалпысынан Жогорку Кеңештин төрт чакырылышынын депутаты болгон.

Бакыт Төрөбаев 2009-жылы өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган. 

up