11:09, 20 апрель 2024 Иш

Бишкекте троллейбустардын санитардык абалы текшерилди

Бишкекте троллейбустардын санитардык абалы текшерилди — Today.kg

Бишкекте троллейбустардын санитардык абалы текшерилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия кыймылдуу курамдын санитардык абалын текшерди. Алар транспорттун санитардык абалы, жүргүнчүлөрдүн беткап тагынуу режимин сактоосун карашты. Иш учурунда айдоочулардын жүрүм-туруму да текшерилди.

Кээ бир троллейбус айдоочулары унаа айдап баратканда телефон чалган үчүн эскертүү алышты.

Рейддин жүрүшүндө жалпысынан линияда иштеген 133 троллейбус текшерилди. Айдоо эрежелерин сактабаган, троллейбусту талаптагыдай санитардык абалда кармабаган айдоочуларга айып пул салынды. Текшерүү саат 08:00дөн 11:00гө чейин жүргүзүлдү. 

 

up