16:04, 25 апрель 2024 Бш

Орусия менен Украина айрым маселеде тил табышты

Орусия менен Украина айрым маселеде тил табышты — Today.kg

Украинанын жана Орусиянын делегациялары Стамбулдагы сүйлөшүүдө айрым маселелер боюнча келише алды. Анын ичинде эгер Орусия коопсуздук кепилдигин берсе, Киев аскердик жактан нейтралитет кармоого барарын билдирди.

Ал эми Москва аннексиялаган Крымдын макамын 15 жыл аралыгында чечүү сунушталды. Буга жооп чара катары Орусия Киев жана Чернигов багытындагы аскерлеринин санын азайтууга макулдук берген.

Тараптардын бир-бирине талабы

Украин-орус делегацияларынын 29-марттагы сүйлөшүүсү Стамбул шаарындагы Долмабахче сарайында өттү. Сүйлөшүүнүн алдында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган сөз сүйлөп, жолугушууда жылыш болсо Украина менен Орусиянын лидерлеринин сүйлөшүүсүнө жол ачарын билдирди.

“Тынчтыкка жана ок атышууну токтотууга эртерээк жетишүү бардык тарапка керек. Биз азыр сүйлөшүүлөрдөн конкреттүү жыйынтык чыгара турган учурга келдик деп эсептейм. Сиздерде кандайдыр бир жылыш болсо, андан ары сүйлөшүү жаңы деңгээлге чыгат жана лидерлердин жолугушуусуна алып келет. Биз андай жолугушууну да уюштуруп берүүгө даярбыз”,-деди Эрдоган.

Бул орус-украин делегацияларынын эки аптадан берки алгачкы көзмө-көз жолугушуусу. Согуш башталгандан кийин тараптар алгач Беларуста бир нече жолу кездешкен. Кийин видео аркылуу байланышып жатышты. Бирок, алардын биринде да майнап чыккан эмес. Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө орусиялык миллиардер Роман Абрамович да катышты.

Түркия президенти мурдараак маалымдагандай, күн тартибине алты-жети маселе кирген. Орусия Украинадан "НАТОго кирүүдөн баш тартуу, армиянын куралдануусун чектөө жана орус тилинин расмий макамын киргизүүнү" талап кылган. Мындан сырткары Москва Киевге "Крымдын аннексиясын жана Донецк менен Лугансктагы жикчил “республикалардын” көз карандысыздыгын таануу" талабын койгон.

Украина болсо биринчи кезекте ок атууну токтотууну, коопсуздук кепилдигин жана аймактык бүтүндүгүн талап кылган. Украин президенти Владимир Зеленский алар үчүн “өлкөнүн аймактык бүтүндүгү жана суверенитети” эң башкы приоритет бойдон каларын билдирип келет. Ошол эле маалда ал эгер Украина өзүнүн коопсуздугуна Орусиядан жетиштүү кепилдик алса, НАТОго кирүү планынан баш тартышы мүмкүн экенин ачык айткан.

Стамбулдагы сүйлөшүү төрт саатка созулду. Анын соңунда тараптар өз-өзүнчө брифинг өткөрүштү. Орус делегациясынын жетекчиси Владимир Мединский сүйлөшүү конструктивдүү маанайда өткөнүн айтып, жетишилген маселелерге токтолду:

“Биз Украина тараптан нейтралдуу макам жөнүндө, аскердик уюмга кирүүдөн жана өлкө аймагында чет элдик аскерлерди жайгаштыруудан баш тартуу жөнүндө, химиялык, же бактериялогиялык куралдарды өндүрбөө жана сактабоо жөнүндө жазуу түрүндөгү сунушун алдык. Мындан сырткары, анда Украина өзүнүкү деп эсептеген, бирок биз алардыкы деп санабаган аймактар тууралуу Киевдин позициялары көрсөтүлгөн. Бул позициялар жакын арада каралып чыгат жана президентке жеткирилет”,-деди ал.

Орусия дал ушундай кагаз түрүндөгү сунуштарга жооп чара кылып, Киев жана Чернигов багытында бараткан аскерлерин азайтууга макулдук берди. Мединский муну “деэскалация үчүн жасалган эки кадам” деп атады.

Ал эми украин делегациясы брифингинде “сүйлөшүүдө эгер Орусия коопсуздук кепилдигин берсе, Киев аскердик жактан нейтралитет кармоого баруу позициясын айтышканын” билдирди. Башкача айтканда, Украина НАТОго кирүүдөн баш тартат, өзөктүк курал менен алектенүүдөн карманат.

Бирок алар кепилдик жөнүндө документке Орусиядан сырткары Улуу Британия, Кытай, АКШ, Түркия, Франция, Канада, Италия, Польша жана Израиль да кошо кол коюшу керектигин белгилешет. Эгер Москва талаптарды аткарбаса, анда аталган өлкөлөр келишимдин кепили катары Украинанын аба мейкиндигин жабышы керек болот.

Украинанын эки облусу - өздөрүн “республика” атап алган Донецк менен Луганск аймактарынын макамы украин президенти Владимир Зеленскийдин жана орус президенти Владимир Путиндин жолугушуусунда гана талкуулана турган болду. Сегиз жыл мурда Орусия аннексиялап алган Крымдын жана Севастополдун макамы кароо 15 жылга чейин созуу сунушталды.

Украинанын президентинин кеңешчиси, делегациянын мүчөсү Михаил Подоляк сүйлөшүүдөн кийин журналисттерге буларды айтты:

“Крым маселесин алсак, бул тараптар кабыл алчу келишимде өзүнчө пункт катары кабыл алынышы керек. Биз анда Крым менен Севастополдун макамы жөнүндө Украина менен Орусиянын позицияларын кармай турууну жана 15 жыл ичинде эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүну сунуштайбыз. Мындан сырткары бул аралыкта Крымдын маселесин чечүүдө Орусия дагы, Украина дагы аскердик жана куралдуу күчтөрдү пайдаланбай турат дегенди өзүнчө пункт менен киргизүүнү орус тарапка сунуш кылдык”,-деди ал.

Михаил Подоляк муну менен катар бул жана башка талаптар камтылган келишим алгач Украинада жалпы элдик референдумда жактырылышы керектигин, андан кийин аны келишимге кепил болчу мамлекеттер менен Украинанын парламенти ратификациялашы керектигин кошумчалады.

Бирок андан да мурда тараптар макулдашкан нерселер жазылган келишимди орус-украин президенттери жолугуп кабыл алышы керек. Азырынча ал качан өтөрү белгисиз. Соңку сүйлөшүү качан уланары да так айтылган жок.

Сүйлөшүү өз жолу менен, согуш өз нугу менен

Түркияда тараптардын сүйлөшүүлөрү өтүп жаткан чакта Украинанын аймагында орус-украин аскерлеринин атышуулары уланып жатты. Орусия атайын операциянын биринчи этабы ийгиликтүү уланып жатканын кабарласа, украин тарап орус аскерлерин артка сүрүп жатканын билдирүүдө.

29-мартта Британиянын аскердик чалгын кызматы маалымдагандай, украиндер чабулдаарга туруштук берип жатканы менен орус күчтөрү Киев үчүн олуттуу коркунуч жаратууда.

Бул күнкү билдирүүлөрүндө Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков орус аскерлеринин жеңиштери тууралуу жарыялады:

“Орусиянын Куралдуу күчтөрү атайын операцияны улантууда. 28-марттын кечинде Ровенск облусундагы Клевань калктуу пунктундагы күйүүчү май сактоочу түйүн жогорку тактыктагы канаттуу ракеталар менен жок кылынды. Бул базадан Киевдин айланасында жайгашкан украин аскердик техникакаларына күйүүчү май жеткирилип келген. Орусиянын абадан коргонуу системалары түнү менен Чернобаевка пунктунун жанында үч учкучсуз учуучу аппараттарды жок кылды”.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Ошондон бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катуу чабуулдар Киевге, Харьковго жана Мариуполго жасалды. Деңиз жээгиндеги Мариупол шаарына орус күчтөрү күн сайын сокку уруп жатат.

Тараптар күн алыс качкындарды чыгарып кетүү үчүн гуманитардык коридорлорду уюштурушууда. Айрым күндөрү ал линияларда ок атылып, кайра үзгүлтүккө да учурап жатат. Анда тараптар бири-бирин күнөөлөшүүдө.

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук 29-мартта буларга токтолду:

“Донецк облусунда үч гуманитардык коридор макулдашылды. 29-мартта Мариупол, Энергодар жана Мелитопол шаарынан жайкын тургундарды чыгарып кетебиз. Мариупол шаарынан Запорожья тарапка жарандар өз автоунаасы менен чыгып кетсе болот. Мындан сырткары Бердянск шаарында турган мариуполдуктарды чыгарып кетүү үчүн Запорожьядан 34 автобус жөнөтүлдү”,-деди ал.

Согуш башталгандан бери Украинада эки тараптан тең миңдеген адам каза таап, 4 миллиондой адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду. Өлкөдө жүздөгөн турак-жай жана башка объектилер талкаланды.

up