14:43, 24 апрель 2024 Шр

Купуя маалыматтар кандай сакталат? Эл каттоонун тартиби

Кыргызстанда эгемендикти алгандан бери үчүнчү жолу эл каттоо өтүп жатат. Ар он жылда өтүп келген өнөктүк бул жолу COVID-19 пандемиясынан улам өз мезгилинен 3 жылга кеч өтүүдө. Өнөктүктө өлкөнүн эл жана турак жайлар статистикасы жаңыланат. Бул эл каттоодо кандай жаңылыктар бар жана уюштуруу иштери кандай жүрдү?

“Азаттыктын” суроолоруна Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев жооп берди.

Зайнидин Жумалиев, Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары.

- 25-мартта өлкө боюнча эл жана турак жайларды каттоо башталды. Бул өнөктүк кандай уюштурулду, канча мөөнөткө созулат жана кимдер жүргүзөт?

Зайнидин Жумалиев: 25-марттан баштап республиканын аймагында эл жана турак жайларды каттоону жүргүзө баштадык. Республика боюнча 28 миңге жакын адам Улуттук статистика комитетине убактылуу кызматка алынды. Алар учурда ар бир облус, район-шаарларда, айыл өкмөттөрүндө эл каттоону жүргүзүп жатышат.

- Эл жана турак жайларды каттоонун эрежелери жана тартиби кандай, мурункулардан эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

Зайнидин Жумалиев: Кыргызстан эгемендик алгандан бери үчүнчү эл каттоо болуп жатат. Алгачкысы 1999-жылы жүргүзүлүп, ар бир адам кол менен кагазга толтурулчу. Экинчи эл каттоо 2009-жылы өттү. Анда турак жайды каттоо дагы кошулган. Ошондо дагы ар бир каттоочу анкетаны жазуу түрүндө колу менен толтуруп берген. Азыркысы болсо электрондук вариантта жүрүп жатат. Биздин каттоочуларыбыз өзүнүн телефону менен барып эле, беш тиркеменин ичиндеги суроолорго жооп алат.

- Азыр эл каттоо менен турак жайларды каттоо бирге жүргүзүлүп жатабы?

Зайнидин Жумалиев: Экөө бирге жүрүп жатат. Турак жайларды да каттап атабыз. Биз турак жайдын документин сурабайбыз. Ал жерде “үйдүн көлөмү канча, ысык суу-муздак суу барбы, канализацияны колдонобу, компьютер колдонобу” деген өңдүү суроолорду гана бере алабыз.

- Каттоо тууралуу кенен айтып берсеңиз. Анкеталарда жалпысынан канча суроо бар? Бардык жаранга бирдей суроо берилеби же тандалма түрдө жүргүзүлөбү? Учурда эл каттоочулардын ар башка тартипте иштеп жатышканы айтылууда.

Зайнидин Жумалиев: Элдин баары эле бирдей деңгээлде жашабайт да. Мисалы, кээ бир үй-бүлөдө бирөө сыртка чыгып иштеп келет. Андайларга суроо көбүрөөк болот. Жалпысынан 5 анкетанын ичинде 45ке жакын негизги суроолор бар. Эгерде ошол суроолордун ичинде “бар” деген жооп болсо, анда кошумча суроолор да жаралышы мүмкүн. Мисалы, “мен Орусияга барып жарым жыл иштеп келдим” десе, артында “эмне себептен кайтып келдиңиз?” деген дагы бир суроо туулуп калат. “Жаккан жок же бүттү” деген эле жооп алсак болду. Ушинтип суроонун артынан суроолор жарала бериши мүмкүн. Кээ бир жарандарыбыз эч жакка чыккан эмес. Анда, “жок, мен чыккан эмесмин” деп жооп бериши керек. Катталуучулардан “кирешени каяктан табасыз?” деп сураса, алар “мен жеке ишкермин” деп жооп берип коюшу мүмкүн. Болду. “Канча сом аласың?” деген суроо берилбейт. Мунун баары купуя. Биз “чөнтөгүңдө канча акчаң бар же канча табасың?” деп сурабайбыз. Болгону “киреше булагы” деген мааниде гана суроо берилет.

- Каттоочулар үйлөргө барганда кандай белгилери болушу керек, алар эмнеси менен айырмаланат?

Зайнидин Жумалиев: Ар бир каттоочунун төшүндө бейжиги бар. Анда сүрөтү, райондун акиминин колу жана райондук статистика бөлүмүнүн башчысынын колу менен мөөрү турат. Эң негизгиси, ошол бейжикте QR-код орнотулган. Эгерде кимде ким үйүнө келген адамдан чочулай турган болсо, телефонунан эле QR-кодду басса, эл каттоочу сүрөтү менен чыгат.

- Эл каттоо өнөктүгүнө канча каражат жумшалууда, анын канчасы мамлекеттик бюджеттен, канчасы башка булактардан алынды?

Зайнидин Жумалиев: Республикалык бюджеттен 28 миң адамга 321 млн сомдун тегерегинде акча бөлүнгөн. Бул эл каттоочулардын айлык акылары. Алар бир айдан үч айга чейин, андан ары дагы зарылчылык болгон учурда алты айга чейин иш жүргүзөт. Ошолордун баарына республикалык бюджеттен бөлүнгөн 321,9 млн сомду айлыкка иштетип атабыз. Андан тышкары, Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу программасынан (UNFPA) 84 млн сом акча бөлүнгөн. Ал каражатка эл каттоого тартылган 28 миң адамды бардык облустарда, райондордо, айыл өкмөтүнө чейин барып окуттук.

- Каттоонун этаптары кандай болот? Алгачкы маалыматтарды чогултуу, аларды талдоо жана жыйынтыктоочу маалыматтарды жарыялоо иштери кандай жүрөт?

Зайнидин Жумалиев: Бизде 28 миң адам эл каттоого катышып атат. Алар Улуттук статистика комитетине убактылуу жумушка алынган. Анын ичинен 506сы координаторлор, 2556 киши көзөмөлчүлөр. Кыргызстан боюнча эки миңден ашык кабинет ачылган, көзөмөлчүлөр ошол жерлерде иштешет. Эл каттоочулардын маалыматтары алгач аларга келип түшөт. Андан кийин Улуттук статистика комитетинин серверине чогултулат.

- Серверге чогулган маалыматты кайра иштеп, талдап чыгасыздарбы?

Зайнидин Жумалиев: Эл каттоо 2-3-апрелде бүтөт. Андан кийин 3 күн маалыматтардын тууралыгын тандалма түрдө текшерип чыгабыз. Анан экинчи этап башталат. Ал 23-апрелден 2-майга чейин өтөт. Бул этап алыскы айыл-кыштактарда өтмөкчү. Анткени биздин кээ бир айылдарыбыз алыскы аймактарда жайгашкан. Ал жактарда кар кетсин, жол ачылсын деген өңдүү маселелер эске алынган. Ошолордун баары чогулгандан кийин, болжол менен, бир айдын ичинде бардык аймактардын маалыматтарын чогултуп, алдын ала көрсөткүчтү бере алабыз. Кыргызстанда канча адам жашагандыгы тууралуу сан ошондо чыгат. Андан кийин маалыматтарды ар кайсы категорияларга бөлөбүз. Балдар, кыздар, карылар, студенттер, мектеп окуучулары, иштеп аткандар, жумушсуздар, жаш курагы сыяктуу категорияларга бөлүнөт. Буга дагы бир топ убакыт кетет. Ал кезде биз кодировщик деген 200 адамды жумушка тартабыз. Алар чогулган маалыматтарга тиешелүү коддорду коюп чыгат.

- Каттоого алынган маалыматтардын коопсуздугу кандай болот?

Зайнидин Жумалиев: Биз купуя сырды эч жакка бербейбиз деп кепилдик беребиз. Анткени, мыйзамда ошондой талап бар. Аты-жөнүн, паспорттогу маалыматтарды сурабайбыз. Андыктан, мунун баары купуя болуп, ал электрондук вариантта толтурулуп, каттоо бүткөндөн кийин симкалардын баары тең өчүрүлөт. Алар корголгон канал менен гана иштейт. Андан маалыматтарды башка жакка бергенге мүмкүнчүлүк жок, серверде гана сакталат.

- Эл жана турак жайларды каттоонун өлкөнүн экономикасы үчүн мааниси кандай?

Зайнидин Жумалиев: Абдан чоң мааниси бар. Анткени, биз элди, турак жайларды каттагандан кийин республика же аймактар өзүнүн программасын жазганда демографиялык көрсөткүчтөргө карата бала бакча, мектеп, оорукана курууну пландоодо эл каттоонун маалыматтары керек болот. Он жылда бир жолу өтө турган эл жана турак жайды каттоо бир эле Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин баарында өтө турган чоң өнөктүк болуп эсептелет.

up