08:25, 20 апрель 2024 Иш

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кызматын тапшырбайт

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кызматын тапшырбайт — Today.kg

Социалдык тармактарда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кызматын тапшырып, Европага кетери тууралуу маалыматтар тараган.

Маалыматты тактоо иретинде Боршайкомдун басма сөз кызматына байланышканыбызда Шайлдабекованын кызматтан кетээри тууралуу эч кандай маалымат айтылбаганын билдиришти.

Кошумчалай кетсек, Нуржан Шайлдабекова 2016-жылдан бери БШКнын төрайымы. Акыркы жолу бул кызматка кайрадан 2021-жылдын 2-июлунда Боршайкомдун жаңы курамы түзүлгөндө дайындалган.

 

up