09:13, 19 апрель 2024 Жм

Билим берүү министринин эки орун басары алмашты

Билим берүү министринин эки орун басары алмашты — Today.kg

Профессор Уланбек Мамбетакунов жана саясий илимдеринин кандидаты Расул Абазбек уулу билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды. Буйрукка министр Алмазбек Бейшеналиев кол койду.

Маалыматка ылайык, Мамбетакунов министрдин илим тармагындагы орун басары Айгүл Абдраеванын ордуна келди. Ал эми Абазбек уулу министрдин кесиптик жана жогорку билим берүү боюнча орун басары Гүлнур Бердибаеванын ордуна дайындалды.

Уланбек Мамбетакунов деген ким?

Уланбек Мамбетакунов. Сүрөт: Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы.

Уланбек Мамбетакунов 48 жашта. Ал педагогика илимдеринин доктору жана профессор. 1996-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-техника факультетин аяктаган.

Эмгек жолун мугалимдик кесип менен баштаган. Ал 2005-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Компьютердик технологиялар кафедранын башчысы кызматын аркалаган.

2004-2009-жылдары Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында, 2007-2008-жылдары Кыргыз улуттук университетинин Маалымат жана байланыш институтунда доцент болгон.

2008-2009-жылдары Кыргыз улуттук университетинин Евразия инновациялык технологиялар институтунда менеджер, 2008-2012-жылдары Кыргыз билим берүү академиясында улук илимий кызматкер болуп иштеген.

Ал 2010-2011-жылга чейин Бишкек финансы-экономикалык академиясынын маалыматтык технологиялар борборун жетектеген.

Мамбетакунов Плато эл аралык университетинин, Евразия университетинин, Адам университетинин профессору наамын алган.

2019-жылдан бери Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти кызматында иштеп келген.

Расул Абазбек уулу деген ким?

Расул Абазбек уулу. Сүрөт: Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы.

43 жаштагы Расул Абазбек уулу саясий илимдердин кандидаты жана 30дан ашык илимий эмгектин автору. Ал 2002-жылы ОшМУнун тарых факультетин аяктаган.

Абазбек уулу эмгек жолун 2003-2015-жылдары ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин окутуучусу адистигенен баштаган. Кийин ошол эле университетте доценти, долбоордун жетектөөчү адиси, профсоюздук комитетинин төрагасы жана декандын илимий иштер боюнча орун басары кызматына чейин көтөрүлгөн.

Андан сон бир катар илимий борборлордо, институттарда илимий кызматкер, жетекчи болуп иштеген.

Аны менен катар, Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунда, БУУнун Өнүктүрүү программасында, «CTED-Кыргызстан» жана Youth of Osh коомдук уюмунда эксперт болгон.

Мындан сырткары, ал 2019-2020-жылдары билим берүү жана илим министринин кеңешчиси кызматын аркаласа, 2020-жылдан бери Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн адиси болуп иштеп келген.

up