10:27, 25 апрель 2024 Бш

Бишкекке жаңы вице-мэр жана эки аким дайындалды

Бишкекке жаңы вице-мэр жана эки аким дайындалды — Today.kg

Бишкек мэрине жаңы орун басар болуп Бактыбек Абдиев дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.Мындай буйрукка Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 11-март күнү кол койду.Абдиев буга чейин Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде, "Бишкек башкы архитектура" мекемесинде эмгектенген.Ошондой эле Свердлов жана Октябрь райондорунун башчылары алмашты. Свердлов районун Бахтияр Карымшаковдун ордуна эми Максатбек Саргазаков жетектейт. Ал эми Октябрь районун жетекчилигине Азамат Дороев дайындалды. 

up