19:59, 29 март 2024 Жм

Казакстандык авиакомпаниялар Орусияга каттамды токтотту

Казакстандын Qazaq Air авиакомпаниясы 12-марттан баштап Орусияга аба каттамдарын токтотту. Мындай чечим Орусиядан учуп келе турган каттамдарды камсыздандыруудагы көйгөйлөр менен түшүндүрүлөт.

"Qazaq Air компаниясы атайын мекемеден Орусиянын аймагында жана анын аба мейкиндигинде учактар камсыздандырылбаганы тууралуу билдирүү алды. Кырдаалга байланыштуу авиакомпания Орусияга аба каттамдарды аткара албайт", - деп билдиришти аталган авиакомпаниядан.

Qazaq Air авиакомпаниясынын Орусиянын Новосибирск шаарына уча турган каттамы токтотулгандан кийин авиакомпания жүргүнчүлөргө билеттин акчасын толугу менен кайтарып бермей болду.

11-мартта казакстандык Air Astana авиакомпаниясы да коммерциялык каттамдарды камсыздандыруу токтотулганын жүйө келтирип, Орусияга бардык аба каттамдарды токтотконун жарыялаган.

9-марттан баштап, Air Astana компаниясына караштуу FlyArystan туунду компаниясы да Орусиянын көпчүлүк шаарларына каттамын токтоткон. Компания бул чечимин "өндүрүштүк себептер" менен түшүндүргөн.

Акыркы күндөрү Орусия менен Казакстандын ортосундагы аба каттамдарынын интенсивдүүлүгү бир топ азайды. Буга чейин Казакстандан Орусияга каттамын орусиялык S7 жана "Аэрофлот" компаниясы токтоткон болчу.

Орус авиакомпаниялары жарандык ташуулар үчүн пайдаланган учактардын басымдуу көпчүлүгү чет элдик компаниялардан ижарага алынган.

up