17:31, 28 март 2024 Бш

Базарда ун, өсүмдүк майы жана кумшекердин баасы көтөрүлдү

Базарда ун, өсүмдүк майы жана кумшекердин баасы көтөрүлдү — Today.kg

Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы күндөн-күнгө кымбаттап жатат. Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматында кымбатчылыкка доллардын кунунун өсүшү жана тышкы жагдайлар себеп болууда.

Ош базарындагы соодагерлердин айтымында, 1 аптанын ичинде базарда ун, өсүмдүк майы жана кумшекердин баасы көтөрүлүп кеткен.

Мисалы, 5 литр өсүмдүк майы бир апта мурда 700 сом болсо, азыр 900 сомдон сатылып жатат. 65 сомдон сатылган кумшекер 80 сомго чыкты, ундун бир кабынын наркы 100 сомго көтөрүлгөн.

Учурда Жаш гвардия көчөсүндө жайгашкан дүң сатып алуу базарларында кумшекер жок болуп жатат. Ал эми азык-түлүк алуу үчүн келгендердин саны көп.

Белгилей кетсек, Кыргызстан азык-түлүктүн 60% ашыгын чет өлкөдөн ташыйт. Мунун айынан азык-түлүктүн баасы дагы өсүшү мүмкүн деген божомолдор бар.

 

up