13:34, 20 апрель 2024 Иш

Россияда Meta компаниясын экстремисттик уюм катары таануу талап кылынууда

Россияда Meta компаниясын экстремисттик уюм катары таануу талап кылынууда — Today.kg

Россиянын Башкы прокуратурасы соттон Meta компаниясын экстремисттик уюм катары таанууну, анын РФ аймагындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салууну өтүндү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Буга чейин Meta Platforms Украинадагы абалга байланыштуу Facebook жана Instagram социалдык тармактарында россиялык аскерлерге карата зомбулук көрсөтүүгө чакырык таштоого убактылуу уруксат берген. Бул эреже Россиянын жарандык коому үчүн жайылтылбай турганын компаниянын маалымат катчысы Энди Стоун билдирген.Рейтер агенттигинин маалыматына караганда, жаңы саясат Россиянын президенти Владимир Путин менен Беларустун башчысы Александр Лукашенконун өлүмүнө үндөгөн чакырыктарга уруксат берет.Башкы прокуратура арызын сотко жөнөттү. Ошондой эле Роскомнадзорго Instagram каналынын ишин чектөө талабы коюлду. Буга чейин Facebook менен Twitter түйүндөрүнө чектөө киргизилген.Meta компаниясынын кызматкерлери Россиянын жарандарын өлтүрүүгө, зордук-зомбулук көрсөтүүгө чакыргандыктан Россиянын Тергөө комитети иш козгогону да айтылды.

up