12:05, 19 апрель 2024 Жм

Президент Сооронбай Жээнбеков Меккеге барат

Президент Сооронбай Жээнбеков Меккеге барат — Today.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Саид бин Мухаммад Аль-Жуманы кабыл алганын мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Зыяратчылар. Архив 

Жолугушууда элет жерин таза суу менен камсыз кылуу, жаңы ооруканаларды, мектептерди жана бала бакчаларды куруу маселелери боюнча сөз болду.

Элчи Абдурахман бин Саид бин Мухаммад Аль-Жума ушул жылдын 31-майында Мекке шаарында өтө турган Ислам кызматташтык уюмунун 14-саммитине Сауд Аравиянын королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруу катын тапшырды.

Жээнбеков өз кезегинде чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, саммитке барарын айткан.

up