15:37, 16 апрель 2024 Шш

Баткенде тургундар менен Тажик чек арачыларынын ортосунда кайым айтышуу болду. Буга эшиги бузулуп калган сарай себеп болгон

Баткенде тургундар менен Тажик чек арачыларынын ортосунда кайым айтышуу болду. Буга эшиги бузулуп калган сарай себеп болгон — Today.kg

Баткен облусунун Кара-Бак айылынын тургундары менен Тажик чек ара кызматкерлеринин ортосунда кайым айтышуу болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чатак кечээ, 20-май күнү Кара-Бак айылынын Эски-Мазар аймагынын тургундары менен Тажик чек ара кызматкерлеринин ортосунда болгон. Кыргыз жарандарына тиешелүү жабдыктар сактала турган сарайдын эшигин белгисиз жарандар бузуп кетишкен. Мындан улам сарайдын каалгасын оңдоо үчүн Кыргыз жарандары барган учурда Тажик чек арачылары каршылык көрсөткөн.

"Сарай биздин чек арадан 5-6 метр алыста, тактап айтканда, Тажик аймагында жайгашкан. Бирок аны Кыргыз жарандары колдонуп келишкен. Ал эми аталган тилке тактала элек жерлердин катарына кирет. Окуя болгон жерге кыргыз чек арачылары барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Жыйынтыгында тажик тарап сарайдын эшигин оңдоого жана мындан ары дагы колдонууга макулдук берген. Ошондой эле тажик тарап дагы чек арада кызмат өтөп жаткан кызматкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн", - деп жазылат маалыматта.

 

up