18:05, 29 март 2024 Жм

Зарылбек Рысалиев Батукаевдин иши боюнча сурак берип чыкты

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз боштондукка чыгып кетиши боюнча ИИМдин мурдагы башчысы, азыркы депутат Зарылбек Рысалиев суракка алынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматта буга чейин Башкы прокуратура ИИМдин тергөө кызматына сотко чейинки териштирүү ишин жүргүзүү тапшырмасын бергени белгиленген.

"Батукаевдин иши боюнча шектелгендер коррупцияга жана документтерди жасалмалоого катышкан деп айыпталууда. Өткөн жумада аталган кылмыш иштин алкагында мурдагы ички иштер министри, Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев суракка алынды", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Батукаевге рак диагнозун койгон онколог менен лабораториянын кызматкери кармалып, эки айга камакка алынган. Дал ушул илдеттин негизинде кылмышкер түрмөдөн бошотулуп, Кыргызстандан чыгып кеткен. Ошондой эле мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. 

up