13:21, 19 апрель 2024 Жм

"Мүнөзүбүздү көрсөтүп койболубу". Депутат анын кесиптешинин дарегине уят сөздү жазган мэрдин кеңешчисине нааразы

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отурумунда депутат Махабат Мавлянованынын дарегине "иди на*хуй" деп жазган мэрдин кеңешчи боюнча маселе көтөрүлдү.

"Парламенттик комитеттин төрагасы, депутат кесиптешибиз жазган постуна мэрдин кеңешчиси ар кандай сөздөрдү жазып жатат. Бул нерсе коомчулукта катуу талкуу болууда. Өзүбүздүн мүнөзүбүздү көрсөтүп койболубу?” - деди Төрөбаев.

Кечээ депутат Махабат Мавлянова келиндерди тойго төшү жана далысы ачык, чыпташып турган көйнөктөрдү кийбөөгө чакырган. Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алманбетова депутаттын чакыруусу боюнча "иди на*уй" деген пост жарыялаган. Мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев Алманбетова мыйзам чегинде иш тартиптик жазасын аларын айтып, мэриянын атынан кечирим сураган.

up