12:51, 25 апрель 2024 Бш

Бишкекте үйгө ууруга киргендер жалгыз жашаган 83 жаштагы кемпирди мыкаачылык менен өлтүрүп кетишкен

Бишкекте үйгө ууруга киргендер жалгыз жашаган 83 жаштагы кемпирди мыкаачылык менен өлтүрүп кетишкен — Today.kg

Бишкекте үйгө ууруга кирген эки белгисиз жаран жалгыз жашаган 83 жаштагы кемпирди мыкаачылык менен өлтүрүп кетишкен. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-апрелде Ленин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкектеги Лагерная көчөсүндө жайгашкан үйдө аял кишинин жансыз денеси жатат деген билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө топ аял киши мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн аныкташкан. Анын колдору байланып, башына кездеме кийгизилип, денесине ар түрдүү залал келтирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып 130-берене - "адам өлтүрүү" менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ошондой эле соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

"Кылмышка шектүүлөрдү Ленин РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери жашырынып жүргөн жеринен кармашкан. Алар мурда соттолгон 38 жаштагы Х.Т. жана 54 жаштагы П.М. аттуу жарандар болушкан. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды", - деп жазылат маалыматта.

 

up