19:56, 19 апрель 2024 Жм

"Кыргыздар" тарыхый китеби 20 том болуп жарык көрдү

Кыргыздар тарыхый китеби 20 том болуп жарык көрдү — Today.kg

"Кыргыздар" аттуу тарыхый 20 томдук китеп жарык көрдү. Бул туурасында китептин түзүүчүлөрү кабарлады. Бул тарыхый эмгектин бет ачары эртең, 22-майда, коомчулуктун катышуусунда өтөт. 

 Аталган 20 томдукта байыркы замандан бүгүнкү күнгө чейинки кыргыз элинин тарыхы, салт-санаасы, санжыра, рухий маданияты жана башка көптөгөн тарыхый маалыматтар камтылган.

Эске салсак, "Кыргыздар" 2010-жылы 10 томдук болуп жарыяланган. Бул сапар толукталып, 20 томго бириктирилип, кайрадан басылды.

Китепти Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов жана саясат таануу илимдеринин доктору, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев түзүп чыккан.

up