15:56, 29 март 2024 Жм

Абылгазиевдин бир туугандары кайда иштейт?

Абылгазиевдин бир туугандары кайда иштейт? — Today.kg

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин алты бир тууганы бар. Алар Бишкекте жана Кочкордо жашайт. Ал эми 85 жаштагы энеси премьер-министр уулунун колунда. Бул туурасында өкмөт башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, буга чейин Абылгазиевдин бир тууганы майлуу жерде иштейт деген маалыматты ЖКнын депутаты айтып чыкса, бир тууган бажасы "КТ Мобайл" ишканасынын чыры боюнча коомчулукка дайын болгон.

1. Агасы Калыйнур Абылгазиев жубайы экөө тең ардактуу эс алууда. Уулу соода тармагында, бир кызы тигүүчү, экинчиси үй кожойкеси;

2. Соодонбек Абылгазиев — журналист, акын, жазуучу (учурда жеке ишканалардын биринде кароолчу), жубайы — мугалим. Кызы жеке ишкерлик менен алектенет, уулу — студент, энергетика багыты боюнча билим алат, кызы — мектеп окуучусу;

3. Айнура Дүйшекеева — ардактуу эс алууда. Жолдошу ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген, Кочкордо жашайт;

4. Жылдыз Абылгазиева — мугалим. Уулдары курулуш тармагында жөнөкөй куруучу болуп эмгектенишет. Кызы — үй кожойкеси.

5. Азиз Абылгазиев — Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек каражаттары жана медициналык техника департаментинин Баңгизатты мыйзамдуу түрдө айлантуу бөлүмүнүн башчысы. Жубайы — врач. Уулдары — банк, катардагы кызматкер болуп эмгектенишет. Кызы — каржы тармагында иштейт. Күйөө баласы — "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасында директордун орун басары кызматын аркалап келет (өз ишин ар кандай мекемелерде, Мамлекеттик байланыш комитетинде катардагы кызматкерден баштаган, программист);

6. Кундуз Абылгазиева — шаардык ооруканаларда улук медайым. Жолдошу — суу чарбасында мурап болуп эмгектенет. Уулдары — муниципалдык кызматта жана жеке ишканада иштешет.

Премьер-министрдин атасы Дүйшеке Абылгазиев — Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, II топтогу майып, убагында укук коргоо органында, партиялык кызматтарда эмгектенген. Быйыл күзүндө 100 жашка чыкмак. Ал эми апасы Жеңилдик Абылгазиева — үй кожойкеси. Учурда 85 жашта, өкмөт башчынын колунда.

up