05:03, 29 март 2024 Жм

Айып пулдун жогору болгонуна нааразы айдоочулар өткөрчү митингге өкмөт реакция кылды

Айып пулдун жогору болгонуна нааразы айдоочулар өткөрчү митингге өкмөт реакция кылды — Today.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жол эрежесин бузуулар үчүн айып пулдарды тууралоо маселесин изилдеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, жол кыймылынын эрежесин бузуулар үчүн айып пулдарды тууралоо маселесин изилдеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүүнү тапшырды.

Кеңешмеде белгиленгендей, "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруунун алкагында бүгүнкү күнү жол эрежесин бузуулар жөнүндө 108 миң 137 токтом түзүлгөн, анын 44,5 пайызы төлөнгөн.

Ошол эле учурда жол кыймылынын эрежесин бузуулардын ар башка түрлөрү үчүн негизинен 1000 сомдон 5000 сомго чейин жоопкерчилик белгиленген. Коомдо кооптуу унаа менен бейбаштык кылуу, уруксат берилген саатына 60 чакырым ылдамдыкты жогорулатуу, унаа каражатын мас абалында айдоо жана башка бир катар бузуулар боюнча гана бир кыйла катуу жоопкерчилик чаралар белгиленген.

Белгиленгендей, 2019-жылдын 1-январынан тартып айдоочулук күбөлүктү алып коюу тажрыйбасы жоюлуп, өзгөртүүлөр киргизилген, ага ылайык, бузуулар үчүн айып пулдарды токтом алгандан баштап 15 календарлык күн ичинде төлөгөн шартта айып пулдар өлчөмү 50 пайызга кыскарат.

Коомчулуктун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгесин эске алып премьер-министр жумушчу топко учурдагы айып пулдардын өлчөмүнүн негиздүүлүгүн жана натыйжалуулугун карап чыгууну тапшырды.

Анын пикиринде, өлкө аймактарында долбоордун кийинки баскычтарын ишке киргизүүнүн алдында долбоорду борбор шаарда ишке ашыруунун жыйынтыктарын тыкыр талдоо жүргүзүү жана келечекте бардык реалдуулуктарды эске алуу менен сапаттуу ишти камсыздоо зарыл.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, бул маселени кароодо жарандардын пикирин көңүл чордонуна коюп, "Коопсуз шаар" долбоорун жүзөгө ашырууда келип чыккан маселелерди өзгөчө дыкаттык менен кароо зарыл.

Премьер-министрдин айтымында, айып пулдардын көлөмүн өзгөртүү боюнча негиздүү жана сапаттуу сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн бул маселени терең жана ар тараптуу изилдеп чыгуу керек.

Мухаммедкалый Абылгазиев дагы бир ирет баса көрсөткөндөй, жол инфратүзүмүнүн жакшы эместигине байланыштуу маселелер жана жол кыймылын уюштуруу көйгөйлөрү жарандардын кызыкчылыгында жана масштабдуу долбоордун кийинки баскычтарын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн толук түрдө чечилүүгө тийиш.

23-майда Бишкекте жол эрежесин бузгандар төлөөчү айып пулдун өлчөмү жогору болгонуна каршы митинг өтөт. 

up