20:40, 28 март 2024 Бш

Таласты байырлаган жапайы жаныбарлар фотокапканга түштү - сүрөт

Талас облусундагы «Кара-Буура» жаратылыш паркындагы фотокапкандарга жапайы жаныбарлар түштү.

Маалым болгондой 2019-жылдын март айынын башында аталган паркта «Германиянын жаратылышты коргоо союзу» фондунун өкүлдөрү менен биргеликте 2500 метр бийиктиктен 4050 метр бийиктикке чейинки тоолордо фотокапкандар коюлган. Аталган аймакта Кызыл китепке кирген ак илбирс, аюу, аркар сыяктуу жанырбарлар байырлайт. Фотокапканга болсо ак илбирс, сүлөөсүн, тоо теке, улар, кашкулак, доңуз сыяктуу жаныбарлар тартылган. 

Булак: Turmush

up