07:29, 24 апрель 2024 Шр

Айдоочулар айып пулдун жогору болгонуна нааразы болуп, митингге чыкканы жатышат

23-майда Бишкекте жол эрежесин бузгандар төлөчү айып пулдун өлчөмү жогору болгонуна каршы митинг өтөт. Бул тууралуу кечээ маалымат жыйынында "Элет көйгөйү" коомдук уюмунун активисттери билдиришти.

Алардын айтымында, нааразычылык акцияга 3 миңге жакын адамдын келери күтүлүүдө. "Коопсуз шаар" долбоору ишке ашкандан бери, калкка чоң өлчөмдөгү айып пулдарды төлөө оор болууда. Айып пулдар өлкөдөгү айлык маянага туура келбейт. Айрыкча таксисттерге кыйын болуп жатат", - дешти активисттер.

Буга чейин парламентте депутат Тазабек Икрамов жол эрежесин бузгандар төлөчү айып пулдун өлчөмүн төмөндөтүү керектигин билдирген.

 

up