18:18, 29 март 2024 Жм

Бишкектин башкы планы кайра иштелип чыгат

Бишкектин башкы планы кайра иштелип чыгат — Today.kg

Бишкектин башкы планы кайрадан иштелип чыгат. Ал эми үйлөр эми жаңы документ боюнча гана курулат. Бул тууралуу Бишкектин жаңы мэри Эмилбек Абдыкадыров брифинг учурунда билдирди.Анын айтымында, бекитилген башкы пландар бузулуп, документке өзгөртүүлөр киришинен улам шаарда башаламан курулуш жүрүп кеткен.

"Мурдагы күнү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусу менен жыйын өттү. Анда Акылбек Жапаров башкы пландын жаңысын иштеп чыгууну, объектилерди документтин негизинде гана салууну тапшырды", — деди мэр.

Абдыкадыров Бишкекте башаламан салынган курулуштан жел өтпөй калганын белгилеген. Мэр бул көйгөйдү чечүү үчүн курулуш компаниялары менен Мамлекеттик курулуш агенттигин чогултарын кошумчалаган.

up