00:45, 29 март 2024 Жм
08:44, 19 май 2019Жаңыланды: 18:37, 19 май 2019.Саясат

Премьер-министр Рысалиевди ээлеген кызматынан чакыртууну сунуштады

Премьер-министр Рысалиевди ээлеген кызматынан чакыртууну сунуштады — Today.kg

Премьер-министр «Ачык асман» Улуттук форумунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиевди ээлеген кызматынан чакыртууну сунуштады. Бул тууралуу Өкмөт башчынын басма-сөз катчысы Адилет Султаналиев Today.kg маалымат сайтына билдирди.

"Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, Элчи Пьер фон Аркска кайрылып, «Ачык асман» Улуттук форумунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиевди анын айланасындагы жагдай коомдо чоң резонанс жараткандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан артка чакыртуу процессин демилгелөөнү сунуштады. Мындай чечимге мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгы принциптерин мындан ары карай натыйжалуу илгерилетүүнүн жана мамлекеттик башкарууга жарандык секторду тартуунун маанилүүлүгү түрткү болгон", - деп маалымдады А.Султаналиев. 

up