06:02, 20 апрель 2024 Иш

Экс-вице-премьер-министр Аида Исмаилова Түштүк Кореяга элчи болуп дайындалды

Экс-вице-премьер-министр Аида Исмаилова Түштүк Кореяга элчи болуп дайындалды — Today.kg

Президенттин басма сөз кызматы Кыргызстандын Түштүк Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп Аида Исмаилова дайындалганын кабарлады. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров 16-февралда кол койду.

Исмаилова Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөттө социалдык маселелер боюнча вице-премьер болуп 2020-жылдын апрель айынан августка чейин иштеген. Ал коронавирус пандемиясынын алдын алуу боюнча иштерге байланышкан чуудан улам кызматын убактылуу тапшырган.

2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого бийликчил делген «Биримдик» партиясы менен аттанган. Ал эми октябрь окуяларынан кийин бийлик алмашканда өкмөттүн курамына кирген эмес.

Ал эми Жогорку Кеңешке 2015 жылы «Республика — Ата-Журт» фракциясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган. Ошондой эле ал Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин мүчөсү болгон.

Буга чейин Түштүк Кореядагы элчилик кызматты Динара Кемелова аркалап келген. Кемелова 2022-жылдын 16-февралында ээлеген кызматынан бошотулган.

up