14:28, 20 апрель 2024 Иш

Премьер-министрдин маалымат катчысы: М.Абылгазиев "КТ Мобайлдын" текшерүүсүн колдойт

Премьер-министрдин маалымат катчысы: М.Абылгазиев КТ Мобайлдын текшерүүсүн колдойт — Today.kg

Адилет Султаналиев – КР ПМ маалымат катчысы "КТ Мобайл" тууралуу 17 майда пикир айтты.

Толугу менен:

"Өкмөттүн ишмердүүлүгү ар дайым түрдүү деңгээлдеги сын-пикирлерге жана талкууларга дуушар болуп келет. Бирок, бүгүнкү күндө оппоненттер колдонгон тактика – бул жөн гана фейктер аркылуу беделин кетирүү болуп саналат.

Алардын аракеттери перманенттик мүнөзгө ээ жана алардын Өкмөттүн иштей албастыгы тууралуу келтирген фактылары көбүнесе атайылап бурмаланган же “апыртылган”.

Биринчи улуттук уюлдук операторду ишке киргизүүнүн айланасындагы кырдаал, тагыраагы, мындай абийир кетирүүгө реалдуу кескин себептердин жоктугу, айыптоолордун негизсидигин гана ачык көрсөтпөстөн, бул жалган кампаниянын маңызын ачыктайт.

Биз депутаттык комиссиянын түзүлүшүн жана «КТ Мобайл» компаниясынын түзүлүү тарыхын, анын имшердүүлүгүн тыкыр текшерүүнү колдойбуз. Өкмөт депутаттардын бул маселе боюнча бардык зарыл маалыматтарды алуусун камсыздайт, ал эми компетенттүү органдар комиссиянын ишинде активдүү катышууда. Эгерде депутаттар жыйынга Премьер-министрди чакырууну туура көрүшсө, ал катышууга жана бардык кызыктырган суроолорго жооп берүүгө даяр.

«КТ Мобайл» компаниясынын тарыхына токтолсок, ал түзүлгөнүнө көп убакыт болгон жана 2014-жылы жыштык түрүндөгү башкы ресурсун алган. Бирок компания былтыркы жылга чейин эч кандай ишмердүүлүк жүргүзгөн эмес, кээде гана финансылык талаштарга байланыштуу чыгып турган. Өткөн жылы эле компания биринчи улуттук уюлдук операторду ишке киргизүүгө реалдуу кадамдарды жасаган жана уюлдук байланыш операторлору арасында ачык аукцион өткөрүлгөн. Конкурстун жыйынтыгы боюнча «Альфа Телеком» ЖАК менен «КТ Мобайл» ЖЧК ортосунда эки тарапка өз ара пайдалуу келишим түзүлгөн.

Премьер-министр М.Абылгазиев мындай кызматташууну мурдатан колдойт, себеби анын натыйжасында мамлекеттик компания базалык оператор жана санариптештирүү саясатын илгерилетүүнүн негизги инфратүзүмдүк локомотиви болуп калат. Компания өкүлдөрү бул идеяны коомчулукка жеткире албаганы жана анын мамлекетке жана керектөөчүлөргө алып келе турган пайдасын жеткиликтүү түшүндүрбөгөнү кетирилген катанын бири болгон чыгар. Анын үстүнө түзүлүп жаткан тарыхы таза биринчи улуттук уюлдук оператордун атаандаштарынын колдоочулары каралоого активдүү кошулгандай сезилет.

Ал эми Премьер-министрдин туугандары, жада калса “кланы” тууралуу айтсак, алардын бири дагы ырасталган эмес жана ырасталбайт дагы, себеби алардин баары негизсиз. Өлкө үчүн ушундай оор мезгилде, Өкмөттүн алдында маанилүү маселелер турганда Премьер-министр туугандарын ишке орноштуруу менен алектенгенин элестетүү кыйын. Бул болбогон кеп.

Биз депутаттык комиссиянын ишинин алкагында кандай иштер жасалганы жана алар өлкөгө кандай пайда алып келе тургандыгы тууралуу коомчулукка маалым болот деп ишенебиз. Ошону менен бирге бул сындоого негиз таппай, пландаштырылган, бирок примитивдүү жалган кампания аркылуу өз максаттарына жетүүнү көздөгөндөрдү ачыкка чыгарат".

up