19:21, 28 март 2024 Бш

Бишкектеги эң көп салык төлөгөн 20 кафе менен ресторан. Тизме

Бишкектеги эң көп салык төлөгөн 20 кафе менен ресторан. Тизме — Today.kg

Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылы Бишкек шаары боюнча эң ири салык төлөгөн 20 кафе жана ресторандын тизмесин берди.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жеке ишкерликтин мамлекеттик бюджетке кошкон салымын билүү үчүн маал-маалы менен ар тармактагы ири салык телөөчүлөрдү тизмектеп келет. Буга чейин дарыкана, курулуш компаниялары жана Кыргызстандагы эң алдыңкы салык төлөөчү ишканалар тууралуу жазганбыз.

Маалыматка караганда, былтыр борбор калаада салык төлөөчү катары 734 коомдук тамактануу жайы каттоодон өткөн. Алар жалпысынан 161 миллион 347 миң сом төгүшкөн.

Ал эми аталган 20 ишкананын мамлекеттик бюджетке төлөгөн салыгынын суммасы тууралуу маалымат берүүдөн Салык кызматы Салык кодексинин 54-беренесине таянып баш тартты. Ага ылайык, жеке ишкерлердин салыгынын суммасы ачыкталбайт. Маалыматты ишкерлердин өздөрүнөн дагы ала албадык. Тамактануу жайларынын айрым кожоюндары бул жөн гана финансылык сыр экенин жүйө кылса, башкалары "мындай маалымат таратуу кооптуу" деп эсептейт экен.

2018-жылы ири салык төлөгөн кафе жана ресторандар:

  • "Фаиза" кафеси;
  • "Бухара", "Чайна Таун" ресторандары;
  • Navigator кафе-бары;
  • Arzu Style кафеси;
  • "Ретро-Метро" түнкү клубу;
  • NAVAT кафелери;
  • NAVAT чайханасы;
  • "Империя Пиццы" кафеси;
  • "ГлавПивТрест" рестораны;
  • KAYNAR банкет-холлу;
  • Frunze рестораны;
  • "Тюбетейка" рестораны;
  • "Тагай Бий" рестораны;
  • "Барашек" рестораны;
  • "Одиннадцатый" кафеси;
  • "Соң-Көл" рестораны жана Mansion түнкү клубу;
  • Salkyn Tor рестораны;
  • "Чарпая", "Хан-Теңир" кафелери;
  • "Өзгөчө Беш Бармак" кафелери;
  • SALTANAT PALACE рестораны;

2017-жылы эң көп салык төлөгөн ишканалардын тизмесинде биринчи орунда баалуу металл казуу менен алектенген "Кумтөр Голд Компани" ЖАКы турат. Ал 8 миллиард 801 миллион 655 миң сом төлөгөн. Үчилтикке тамак-аш менен тамеки сатуучу Top Notch ЖЧКсы (3 миллиард 346 миллион 490 миң сом) жана "Beeline" бренди катары таанымал "Скай Мобайл" ЖЧКсы (2 миллиард 913 миллион 128 миң сом) кирет.

up