14:29, 23 апрель 2024 Шш

Милиция: Блогер Бауржан Кадырбековго күч колдонулган эмес

Бул тууралуу Ош облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады. Ага чейин социалдык тармактарда өзгөндүк блогер Бауржан Кадырбековго милиция күч колдонуп жатыптыр деген маалыматтар тараган.

Ош облустук милициянын маалыматы боюнча, жарандык активист 32 жаштагы Бауржан Кадырбеков Кылмыш жаза Кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) боюнча бир, ал эми 203-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча төрт кылмыш ишине шектелген. Учурда бул иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып тергөө жүрүп жатат. Буга байланыштуу
Бауржан Кадырбеков 8-май күнү райондук милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу камоочу жайга киргизилген. 11-май күнү Өзгөн райондук соту аны 8-июнга чейин камоо чечимин чыгарган. Учурда Кадырбеков Ош шаарындагы тергөө абагында кармалып турат.

Бауржан Кадырбеков «Чындык Маалымат KG» каналы ютубка 2019-жылы 22-мартта катталган. Ошол мезгилден баштап ал Өзгөндө дүкондөрдү тартып, эскирген азык-түлүктөрдү сатат деген доомат коюп, Өзгөн милициясына беш жолу кайрылган. Бир учурунда товарлардын мөөнөтү өткөндүгү аныкталып, дүкөн ээсине 5000 сом айып пул салынган.

Ал эми Бауржан Кадырбековдун 6-майда Өзгөн шаарында жайгашкан «Турсунбай-Ата» азык-түлүк дүкөнүнүн алдында бейтааныш адам өзүн оозго алгыс уят сөздөр менен сөккөнү тууралуу арызын Өзгөн райондук милициясы каттаган. Алдын ала жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында сөккөн киши 27 жаштагы Мухамаддиер Махумджанов экендиги аныкталган. Учурда тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.  

 

Булак: Azattyk

up