22:04, 19 апрель 2024 Жм

Тарбиячы урган бөбөк: Жалал-Абад шаарындагы бардык бала бакчага камера коюлду

Тарбиячы урган бөбөк: Жалал-Абад шаарындагы бардык бала бакчага камера коюлду — Today.kg

Жалал-Абад шаарындагы бала бакчалардын баарына видеокамералар коюлду. Бул тууурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, өткөн жылы тарбиячынын наристелерди кагып-силкип, уруп жаткан видеосу жарыялангандан кийин көзөмөлдү күчөтүү чечими кабыл алынган.

"Наристелерге карата катталып жаткан ар түрдүү зордук-зомбулуктарды болтурбоого жана бала бакчалардагы жалпы ишмердүүлүктүн белгиленген тартипте аткарылуусун көзөмөлдөөгө жергиликтүү бюджеттен 2 миллион 200 миң сом бөлүнгөн. Аны тендерден "Эмин" жоопкерчилиги чектелген коому 1 миллион 800 миң сомго утуп чыккан. Тартылган кадрларды бала бакчанын жетекчиси иш бөлмөсүндө карап турат. Жакында коридор жана ата-энелердин күтүү залына да экрандар коюлмакчы", — деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад шаарындагы 22 муниципалдык бала бакчада 4 миң 950 бала тарбияланат. Аталган жайларга 419 даана көзөмөл камерасы коюлган.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын 21-ноябрында тарбиячынын наристелерди кагып-силкип, бирөөнү чекеге чапкан видеосу жарыяланган. Ата-энелер милицияга арыз жазып, кылмыш иши козголгон. Ал тарбиячы бир жылга шарттуу кесилип, жабырлануучуларга 10 миң сом моралдык чыгым төлөөгө милдеттендирилген.

up