15:25, 19 апрель 2024 Жм

"Мегакомдун" директору өкмөт башчынын бажасы Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуулар болгонун айтты

Мегакомдун директору өкмөт башчынын бажасы Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуулар болгонун айтты — Today.kg

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңеште "КТ Мобайл" боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын биринчи отуруму өтүүдө.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов маалымат каражаттарында Иманкадыр Рысалиев өкмөттө жыйын өткөрдү деген кабарлар жарыяланганын билдирди. аалымат каражаттарында Иманкадыр Рысалиев өкмөттө жыйналыш өткөрдү деп жарыяланды. Ал жыйналышты өзү алып барып, мамлекеттик органдардын жетекчилерин чакырып, аларга тапшырмаларды бериптир. Биз ушул жерде Сапар Исаковду президенттик аппараттын бөлүм башчысы болуп өзүңдүн функцияңдан чыгып, өкмөттүн мүчөлөрүнө ЖЭБ боюнча тапшырма бердиң деп жумуштан айдап, камакка алынды эле. Иманкадыр Рысалиевдин өкмөттө жыйын өткөргөнү чынбы?" - деп сурады Шыкмаматов.

"Мегаком" компаниясынын директору Акылбек Жамангулов Иманкадыр Рысалиев өкмөттө 3-4 жолу чогулуш өткөргөнүн айтты. "Чогулушта "КТ Мобайл" тууралуу долбоорду эртерээк ишке ашыруу боюнча тапшырмалар берилген. Андан тышкары эки-үч жума мурун ал Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинде чогулуш өткөрдү. Ал жерге Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин, "Альфа телекомдун" жетекчилери катышты. Анда бул долбоорду ишке ашырыш керек деген сөздөр айтылды. Ошону менен катар эле коомду түзүп жаткан жетекчилерди жумуштан четтетем деген коркутуулар болгон", - дейт Жамангулов.

Жамангулов бир нече жолу коркутуп телефон чалуулар болгонун белгиледи. "Ар кандай коркутуулар болду. Бул долбоор өкмөт үчүн маанилүү экенин айтты. Үй-бүлөмө асылды, каматам, түбүңө жетем дегендей сөздөрдү билдирди", - деди Жамангулов.

Ал депутаттарга Рысалиевдин жазган каттарын көрсөтө турганын белгиледи.

"Ачык Өкмөт" эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиев - премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы.

 

up