18:51, 20 апрель 2024 Иш

Жети-Өгүздө окуучунун көз жарганы боюнча райондук билим берүү бөлүмү үн катты

Жети-Өгүздө окуучунун көз жарганы боюнча райондук билим берүү бөлүмү үн катты — Today.kg

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 2004-жылы туулган өспүрүм кыз 5-майда көз жарган.

Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Максат Асанкожоев билдиргендей, окуучу кыз март айынан бери сабакка келген эмес.

«Бизге бул окуя тууралуу маалымат жеткен соң, биз мектептин жетекчиси жана класс жетекчисинен түшүнүк алдык. Мектептин администрациясынын маалыматына караганда, кыз 1-марттан бери сабакка келбей калган. Эки күндөн кийин социалдык педагог жана класс жетекчиси кыздын үйүнө барышкан. Бирок үйүндө киши жок болгон. Эки үч жолу барышкан экен. Анан телефон аркылуу кыздын энеси менен байланышыптыр. Анда энеси кызынын буту сынганын айтып, мектепке бара албасын билдирген. Ошондой эле кыздын ооруганы боюнча маалым кат алып келерин билдирген. Биз маалым кат түшүнүгүн алганбыз. Апасы ооруканада медайым болуп иштейт экен.

Ал эми кыз өзү курактуулардан чоң, сөөктүү экен. Анан март айына чейин кош бойлуу экени байкалбаптыр. Негизи ата-эненин дагы жоопкерчилиги болуш керек. Окуяны жашырып, барган кызматкерлерге башкача маалымат берген. Окуучулар мектептен чыккандан кийинки убактагы иштерин ата-энелер көзөмөлгө алып турушса, мындай окуялар болбойт эле. Ата-эненин дагы жоопкерчилигин жогорулатуу керек.

Ал эми билим берүү бөлүмү тарабынан дайыма балдарга эрте турмуш куруунун терс жагы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет», - дейт Максат Асанкожоев.

Ошондой эле, ал: «Бул окуя боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кабар бердик. Мектептин администрациясына, класс жетекчисине тартиптик жазалар колдонулат», - деп кошумчалады.

Көз жарган окуучу кыз үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү. 

Булак: Turmush

up