15:10, 28 март 2024 Бш

Акаев: 24 жаштагы жигитке коррупциялык схема түзүүгө жол бербейбиз

Акаев: 24 жаштагы жигитке коррупциялык схема түзүүгө жол бербейбиз — Today.kg

Депутат Жанар Акаев мамлекеттик кызматтарга жогорку бийликте отурган адамдардын жек-жаат, туугандары келип алып, өздөрү каалагандай калчап, элдин акчасын оң-солго чачууга жол берилбеши керек деп билдирди.

Ал 17-майда "КТ Мобайл" боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда сүйлөп жатып, бажасынын мындай аракеттерине жол берген премьер-министр Абылгазиев жооп берүүгө тийиш экенин айтты. Акылбек Жаманкуловго маселени ачык алып чыкканы үчүн ыраазычылык билдирди:

"Мегакомдун мурдагы жетекчилери кайда? Бүт баары түрмөдө. Ошондуктан, мындай маселелерди убагында ачык айтып чыккан туура. "КТ Мобайлди" түзүү идеясы туура, бирок аны бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгына иштетпешибиз керек. Азыркы учурда кыргыз коому "бажагейт, кудагейттерге" өтө каршы, кыжырданып карап турат. Иманкадыр Рысалиев Кыргызстанга эмгек сиңирген бажа болуп калды. Биз ЕККУга кат жазып, анын "Ачык өкмөт" долбоорундагы ыйгарым укуктарын токтотууну талап кылышыбыз керек".

Жанар Акаев "КТ Мобайл" ишканасынын жетекчилерин да унчукпай, Рысалиевдин уулу Германиядан окуусун бүтүп келишин күтүп отурушканы үчүн айыптады. "Биз жаңы Айдар, Максимдердин чыгышына жол бербейбиз. 24 жаштагы балдарга бүтүндөй коррупциялык схеманы түзүп бербейбиз. Унчукпай калбайбыз, керек болсо өкмөткө ишеним көрсөтпөөгө чейин барабыз", - деди Жанар Акаев.

Парламентте “КТ Мобайл” чатагы боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын алгачкы жыйыны өтүп жатат. Ага “Кыргызтелеком”, “Мегаком”, “КТ Мобайлдын” жетекчилери катышууда.(KJ/ZKo)

 

up