21:30, 25 апрель 2024 Бш

Малдын «ачык мүрзөсүнө» айланган жер. Айыл өкмөт башчысы 23 000 сом айыпка жыгылды

Ат-Башы районунун Кара-Суу айылы менен Дыйкан айылынын ортосунда жайгашкан таштанды жай үчүн Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысына 23 000 сом айып салынды.

 

Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы Шекербек Кабаев тургундардын айынан айып пулга жөн жерден жыгылганын айтты.

«Айып пул мага салынганы туура эмес. Биз таштандыны 15 күн мурун эле түртүп, айыл өкмөттүн кызматкерлери тегерегиндеги акыр-чикирлерди тазалап, көмүп чыгышкан. Тургундар өлгөн малдарды туш келди ыргытып жатышат. Ал мал эмне болуп өлгөнү жөнүндө кабарлашпайт. Бизге айтышса, ветадисибиз ооруну аныктап, малды атайын казылган аңдарга көмүп, дезинфекциялайт элек. Күндүз, түн ичинде аңга эмес жолдун боюна ыргытып кетип жатышат. Элдерге деле түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

Ошол жерде жаткан эки малдын ээси табылды. Чакырсак келбей жатышат. Мына тазалап койгон жерге ушинтип ыргытышат. Анан мамэкотехинпекциянын инспекторлору келип, бизге айып пул салып жатат. Бирок бул туура эмес. Эми таштандыны туш келди ыргыткан тургундарга чара көрүлөт», - деди ал.

Шекербек Кабаев кошумчалангандай, учурда таштанды ыргытуучу жайды тосконго долбоор жазуу аракеттери көрүлүүдө.

Аталган жерге мамэкотехинпекциянын инспекторлору тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, мыйзам бузуу фактылары аныкталган. Мындан улам Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 148-беренеси менен Кара-Суу айыл өкмөт башчысы Шекербек Кабаевге 23 000 сом айып салынган.

«Учурда таштанды төгүүчү жайдын айланасы иретке келтирилип, өлгөн малдардын тарпы зыянсыздандырылып көмүлдү», - деп билдиришти аталган түзүмдөн. 

Булак: Turmush

up