11:04, 20 апрель 2024 Иш

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары "КТ Мобайл" боюнча айтып берди

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары КТ Мобайл боюнча айтып берди — Today.kg

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңеште "КТ Мобайл" боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын биринчи отуруму өтүүдө. Анда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары Бекболот Алиев аталган компаниянын түзүлүшү боюнча маалымат берип жатат.

"КТ Мобайл" компаниясы 2003-жылы түзүлгөн. 2014-жылы өкмөттүн токтомуна ылайык, лицензия алган. Бирок ошондон бери лицензия боюнча иш алып барылган эмес. Акча каражатынын жоктугуна байланыштуу иштебей турган. 2017-жылы "Кыргызтелекомдун" стратегиясына киргизилген. "Кт Мобайлдын" алкагында уюлдук оператор түзүү боюнча стратегия кабыл алынган. Азыркы күндө биринчи этаптагы иштер жүрүп жатат", - дейт ал.

Парламентте "КТ Мобайл" компаниясы боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Депутаттык комиссиянын курамына Жанар Акаев, Сайдолимжан Жураев, Айнура Осмонова, Автандил Кулбараков, Марлен Маматалиев, Курманкул Зулушев, Мирлан Жээнчороев, Алмазбек Баатырбеков, Таалайбек Масабиров, Гүлшат Асылбаева, Зиядин Жамалдинов, Акылбек Жапаров, Алмамбет Шыкмаматов кирди. 

up