14:29, 29 март 2024 Жм

Ошто 8 жаштагы бала каналдагы сууга агып кетти

Ош шаарында 8 жаштагы бала үйүнүн алдындагы каналдагы сууга агып кетип, каза болду. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, 15-май күнү саат 21:30 чамасында Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүнүн 2011-жылы туулган тургуну Д.М. үйүнүн алдындагы Увам каналынын жээгинде ойноп жатып, кокусунан сууга кулап кеткен. Аны суудан чыгарышып, Ош облустук бириккен клиникалык балдар ооруканасына жеткиришкен. Бирок бала ооруканага жетпей каза болгон. 

up