16:33, 20 апрель 2024 Иш

Германияда айдоочусу жок учуп жүргөн такси көрсөтүлдү

Германияда айдоочусу жок учуп жүргөн такси көрсөтүлдү — Today.kg

Lilium немец стартапы беш орундуу учуп жүрүүчү таксинин прототибин көрсөттү. Бул тууралуу ВВС кабарлады.

Компания бул дүйнөдөгү биринчи ирет жасалган ачылыш экенин айтууда.

Өкүлүнүн айтымында, прототип жакында эле сыноодон өткөн, аппарат өз алдынча учуп, абада бир аз жүрүп кайра конгон.

Электр энергиясы менен жүрө турган аппарат саатына 300 чакырым жол жүрүүгө жөндөмдүү.

Бир нече компания аталган аппараттарды пайдаланып көрүүгө жетишти, бирок таксинин бири дагы эки кишиден ашуун жүргүнчү алган эмес.

"Биз ар убак жүргүнчүнүн санын экиден беш кишиге чейин жеткирүүнү көздөп келгенбиз. Бул кыйла көп адамга асманда саякаттоого жол ачат", — деди Lilium компаниясынын аткаруучу директору жана негиздөөчүлөрүнүн бири Дэниел Виганд.

Учуучу таксини 36 электр мотору кыймылга келтирет, бул анын тигинен учуп, кайра тигинен эле конууга мүмкүнчүлүк берет. Компания бир заряддап коюу бир саатка жетерин белгилейт.

Эми аталган такси жаңы сыноолордон өтүшү керек. Lilium бул моделдерди массалык түрдө 2020-жылдын ортосунда чыгарууну пландап жатат.

Автономдуу таксилер Европанын Airbus авиаконцерни, Uber компаниясы жана бир катар стартаперлер тарабынан тестирлөөдөн өтүп жатканы белгиленди. Мындай унаа каражаты шаар тургундарынын мобилдүүлүгүн арттырып, абаны кирдетпейт деп айтылууда.

up