19:48, 16 апрель 2024 Шш

Турсунбек Акун экинчи ирет сурак берди

Турсунбек Акун экинчи ирет сурак берди — Today.kg

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Азиз Батукаевдин абактан бошотулганы боюнча 16-майда экинчи ирет сурак берди. Бул тууралуу ал “Азаттык” радиосуна өзү ырастап, тергөөчүлөр аны эки саат сураганын билдирди.

"Биринчи жолу беш саат сурак бергем. Мен Нарымбаев, Таабалдиев жөнүндө айттым. Жаңы фигуралар чыгып жатпайбы. Экс-президент Атамбаев баштап түздөн түз катыштыгы бар экенин, алар мага кандай кайрылганы боюнча ачыкка чыгарып жатам".

Оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Турсунбек Акун ошол кезде акыйкатчы катары иштеп жаткан.

Буга чейин Акун Батукаевге дарыгерлер койгон диагнозго ишенип, анын таламын талашканына өкүнөрүн билдирген. Мындай пикирин "Азаттык" радиосунун "Арай көз чарай" талкуусуна катышкан учурда айткан.

Буга чейин Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана беш дарыгер кармалган. Эки дарыгер кайрадан үй камагына чыгарылган. (КЕ)

Булак: Azattyk

up