21:07, 29 март 2024 Жм

Ооз ачарда 20 миң сомго чейин киреше тапкандар: Оштогу 30 күн иштеген базар (видео)

Ош шаарында жыл сайын Рамазан айында гана иштеген базарда соода кызуу жүрүп жатат.

Жергиликтүү тургундар борбордук көчөлөрдү бойлой жайгашкан базарларды «Ифтар базар» деп атап коюшкан. Ош шаарынын 7-8 жеринде жайгашкан бул базарларда кечки саат 17:00дөн ооз ачканга чейин соода кызуу жүрөт. Ал жерден эттен тартып, балыктын, салаттын, нандын түрлөрүн арзан баада сатып алууга болот. Базарда килкилдек, сүт менен сары май кошулуп быщырылган малдын өпкөсү, чучук, эт, нан сатып алууга шашкан кардарлар да көп болот. Ошондой эле малдын бышкан боору, тили, өрүк шербеттери сатылат. Салаттын 20дан ашык түрүн, тандырга бышырылган тоок этин дагы сатып алса болот.

Базарда соодагерлер саткан тамак-аштарына жараша бөлүнүшкөн. Мисалы, суусундуктарды саткандар бөлөк жерде, тамак-аш, салат саткандар бир жерде жана мөмө-жемиштерди саткандар бөлөк жерде. Базарга соодагерлердин өз колу менен жасаган тамак-аштары саттыкка чыгарылат. Ар бир соодагер күнүнө орточо эсеп менен 5 миң сомдон 20 миң сомго чейин киреше табышат. Учурда көчө бойлой жайгашкан базарда 100дөн ашуун соодагер тамак-аш, азык-түлүк сатат. Ал эми бир базардын узундугу 200 метрге созулат.

 

Булак: Turmush

up