Кыргыз спортчусу Валентина Шевченко алгачкы жолу салмак категориялары эске алынбаган UFC уюмунун рейтингине кирди. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий интернет баракчасы жарыялады.
Маалым болгондой, UFC`нин эң мыкты 15 мушкеринин арасында Шевченко 14-орунга жайгашкан. 1-орунда оор салмактагы UFC чемпиону Даниель Кормье турса, жарым оор салмактагы чемпион Жон Жонс 2-орунду ээлеген. Алдыңкы үчтүктү UFC`нин жеңил салмактагы чемпиону, орусиялык Хабиб Нурмагомедов толуктады.
Минималдык салмак чениндеги чемпиондук курдун ээси Жессика Андраде рейтингде Шевченкодон кийинки 15-орунга жайгашкан.
Валентина Шевченко өткөн жылдын декабрь айында чемпиондук кур үчүн Йоанна Енжейчик менен беттешип, жеңишке жеткен. Эң жеңил салмак чениндеги чемпиондук курдун учурдагы ээси жалпысынан 16 беттеш өткөрүп, 13 жолу жеңишке жетишкен.
Рейтингге кирген 15 мушкердин тизмеси: