16:07, 19 апрель 2024 Жм

Гүлжигит Алыкулов алгачкы жолу футбол боюнча улуттук курамага чакыруу алды

Гүлжигит Алыкулов алгачкы жолу футбол боюнча улуттук курамага чакыруу алды — Today.kg

Футбол боюнча Кыргыз курама командасы 3-июндан 10-июнга чейин Бишкек шаарында окуу машыгуу жыйындарын өткөрөт. Бул тууралуу Футбол федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуу-машыгуу жыйындарына чакырылган футболчулардын кеңейтилген курамына 25 оюнчу кирди. Акыркы состав 31-майда белгилүү болот.

25 футболчунун ичинен улуттук курамага алгачкы жолу Гүлжигит Алыкулов жана Александр Мищенко чакыруу алды. Мищенко жыл башында Кыргыз жарандыгын кабыл алса, Алыкулов буга чейин Кыргыз курама командасынын жаштар курамында ойноп келген.

Окуу-машыгуу жыйындарына чакыруу алган футболчулардын тизмеси:

Дарбазачылар:

Калысбек Акималиев ("Абдыш-Ата"), Валерий Кашуба, Павел Матяш ("Дордой")

Коргоочулар:

Тамирлан Козубаев ("ПКНС", Малайзия), Мустафа Юсупов, Курсанбек Шератов, Азамат Байматов, Александр Мищенко, Айзар Акматов ("Дордой")

Жарым коргоочулар:

Бахтияр Дуйшөбеков ("Башундхара Кингз", Бангладеш), Азиз Сыдыков ("Санат Нафт Абадан", Иран), Эдгар Бернхардт ("Тыхы", Польша), Муролимжон Ахмедов, Ислам Шамшиев, Фархат Мусабеков, Антон Землянухин, Бекжан Сагынбаев, Жыргалбек уулу Кайрат ("Дордой"), Ахлидин Исраилов ("УиТМ", Малайзия), Турсунали Рустамов ("Худжанд", Тажикстан), Одилжон Абдурахманов ("Алай"), Алимардон Шукуров ("Абдыш-Ата"), Гулжигит Алыкулов ("Неман", Беларусь) 

up