05:40, 20 апрель 2024 Иш

АКШда 4 күн бою токойдо жалгыз жүргөн 1 жарым жашар бала табылды

АКШда 4 күн бою токойдо жалгыз жүргөн 1 жарым жашар бала табылды — Today.kg

АКШда 4 күн бою токойдо жалгыз жүргөн 1 жарым жашар бала табылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, 1 жаш 6 айлык Кеннет Ховард 12-май күнү жоголгон. Куткаруучулар бригадасы 4 күн бою тик учак жана иттердин жардамы менен жакын жайгашкан токойдон издөө иштерин жүргүзүшүп, 15-май күнү үйүнөн 1 жарым чакырым алыстыктан баланы табышкан.

"Ховардды дароо тик учак менен ооруканага жеткиришкен. Учурда ал аймактык ооруканалардын биринде дарыланып жатат. Абалы жакшы, анын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок.

Бала жоголгонда атасы аны уурдап кетиишти деп ойлогон. Бирок, төрт күн өткөндөн кийин Кеннет Ховард аман-эсен табылды. Ал кантип токойдо жалгыз жүрүп, бирок аман калганы таң калычтуу окуя болду", - деп билдирген жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн бири.

 

up