05:20, 19 апрель 2024 Жм

Кыргызстандагы 4 аэропорт жаңыланат

Кыргызстандагы 4 аэропорт жаңыланат — Today.kg

«Манас» эл аралык аэропорту 2022-жылы 4 аэропортту реконструкциялоону жана модернизациялоону пландаштырууда. Бул тууралуу 9-февралда «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун жаңы күтүү залынын ачылышында башкармалыктын төрагасы Бакыт Шаршеев билдирди.

Анын айтымында, жаңылана турган объектилердин долбоорлук-сметалык документтерин иштеп чыгууга конкурс жарыяланган.

— «Каракол» аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин имаратын куруу жана жасалма учуу тилкесин 400 метрге узартуу менен аэродромдун элементтеринин жасалма үстүн реконструкциялоо пландалууда.

— «Баткен» аэропортунун аэродромунун элементтерин реконструкциялоо каралууда.

«Долбоор иштелип чыккандан кийин биз, быйылкы жылы «Каракол»  аэропортунун жаңы аэробекетинин курулуш-монтаждоо иштерин жана «Каракол» менен «Баткен»  аэродромдорунун элементтеринин жасалма үстүн реконструкциялоону пландаштырып жатабыз. Ошондой эле, «Ош» аэропортуна жүк терминалын куруу, «Нарын» аэропортуна 530 чарчы метр болгон жаңы аэробекет комплексинин имаратын куруу маселеси каралууда», — деди Шаршеев.

up