15:56, 19 апрель 2024 Жм

Алиярбек Абжалиевдин кылмыш иши кыскартылганы маалым болду

Алиярбек Абжалиевдин кылмыш иши кыскартылганы маалым болду — Today.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиевге козголгон кылмыш иши кыскартылганы маалым болду. Бул тууралуу 9-февралда Бишкекте өткөн маалымат жыйында Башкы көзөмөл органынын жетекчиси Курманкул Зулушев билдирди.

«Алиярбек Абжалиев боюнча азыр так маалыматым жок. Ага карата «мыйзамсыз баюу» боюнча козголгон кылмыш иши кыскартылыптыр, эмненин негизинде экени тууралуу маалымат жок. Муну кийинчерээк тактап берели», — деди Зулушев.

Алиярбек Абжалиевге 2021-жылы март айында УКМК тарабынан «мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча айып тагылган. Тергөөнүн маалыматына караганда, Абжалиев мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен тууганчылык байланышын пайдаланып, мамлекеттик органдардын ишине кийлигишкен жана мамлекетке 50 млн сом зыян келтирген.

Июнь айында УКМКнын басма сөз кызматы Алиярбек Абжалиев мамлекеттик бюджетке 20 млн сом которгонун кабарлаган.

Абжалиев — Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты, мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы.

up