18:06, 25 апрель 2024 Бш

Ош шаарынын бюджети 242 млн. сомго көбөйдү

Ош шаарынын бюджети 242 млн. сомго көбөйдү — Today.kg

Оштун биринчи вице-мэри Марс Исаев “Азаттыкка” шаардын бюджети 242 млн. сомго көбөйгөнүн билдирди. Анын айтымында, 2021-жылы салык төлөмдөрү өсүп, анын эсебинен бюджеттин киришеси 197 млн. сомго арбыган. Ушундан улам быйыл шаар казынасы 242 млн. 810 миң сомго көбөйдү.

Андан сырткары муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган ижара обьектилеринин, борбордук базардын соода түйүндөрү жана автоунаа базарынын ижара акылары көтөрүлдү.

2022-жылга Ош шаарынын жалпы бюджети 1 млрд. 600 млн. 510 миң сом деп бекитилген. 2021-жылы казынанын көлөмү 1 млрд. 365 млн. сом болгон. Ош шаарында расмий түрдө 350 миң калк жашайт, бейрасмий маалыматтарда 600 миңге жакын деп айтылып келет.

 

 

up